Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 27-январда Дмитрий Шостаковичтин легендарлуу Жетинчи симфониясы, башкача айтканда, «Ленинград симфониясы» аткарылды.
Бул чыгарма Бишкек шаарынын мэриясынын Чоң симфониялык оркестри жана башкы дирижер Урмат Тентимишовдун жетекчилигинде жаңырды.
Салтанаттуу иш-чара эки маанилүү тарыхый окуяга арналды: фашисттик блокададан Ленинграддын толук бошотулгандыгынын 81 жылдыгына жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына.
Шостакович согуш жылдарында жазган Жетинчи симфониясы эрдиктин, кайраттуулуктун жана эркиндик үчүн күрөштүн символу болуп калган. Бул чыгарманы Бишкекте аткаруу — Ленинграддын блокадасындагы оор жылдарды башынан өткөргөн баатыр тургундарга жана Ата-Мекен үчүн жанын кыйган советтик жоокерлердин эрдигине таазим.
Бул концерт музыкалык окуя катары гана эмес, эркиндик үчүн күрөшкө арналган адам рухунун жана биримдиктин күчүн эскерткен маанилүү иш-чара болуп калды.
Ардагерлерге ыраазычылык жана урматтоо сөздөрү айтылып, алардын эрдиги элдин жүрөгүндө түбөлүк сакталары баса белгиленди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/