Шыкмаматов салык жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү маселеси боюнча жүк ташуучулар менен жолугушту – ИА Караван Инфо
Шыкмаматов салык жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү маселеси боюнча жүк ташуучулар менен жолугушту

Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов логистикалык компаниялардын өкүлдөрү менен салык жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана жеңилдик берүү маселелери боюнча жолугушуу өткөрдү.

Тактап айтканда, жүк ташуучулардын иши үчүн зарыл болгон электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды жана башка коштоочу документтерди колдонууну жөнөкөйлөтүү темалары козголду. Ошондой эле товарларды импорттоо маселеси талкууланды.

Ташуучулардын сунуштарын угуп, Алмамбет Шыкмаматов ЭТТК жана ЭЭФ менен иштөөнү жөнөкөйлөтүү боюнча чараларды ишке ашырууда бизнес тарабынан айтылган бардык маселелер эске алынарын белгиледи.

Салык кызматынын башчысынын айтымында, Салык кызматы салык системасын жакшыртуу жана экономикалык ишмердиктин бардык катышуучуларынын ортосундагы өз ара аракеттенүү үчүн ишкерлер менен ачык талкуулоого даяр.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: