Согуштун ардагери Туркенакун Бейшенбаев 100 жаш курагында дүйнөдөн кайтты – ИА Караван Инфо
Согуштун ардагери Туркенакун Бейшенбаев 100 жаш курагында дүйнөдөн кайтты

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, персоналдык пенсионер Бейшенбаев Туркенакун 2025-жылдын 29-январында 100 жаш курагында Бишкек шаарында каза болду.

Бейшенбаев Туркенакун Ыссык-Көл облусуна караштуу, Тоң районунун, Төрт-Күл айылында 1925-жылдын 1-июлунда туулган.

1942-жылдын соңунда Советтик Армиянын катарына чакырылып, Украина, Белоруссия, Венгрия, Молдавия, Румыния жана Чехословакиядагы салгылашууларга катышкан.

Украинада Чабас айылында оор жаракат алган. Дарылангандан кийин, аскердик кызматын уланткан. 1946-жылы июнда Советтик Армиянын катарынан бошотулган.

Эрдиги үчүн бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган, анын ичинде:
-Советтер Союзунун финансы министрлигинин Ардак грамотасы;
-II даражадагы Ата Мекендик Согуш ордени, “Жуков” медалы жана юбилейлик медалдар  менен.

Бишкек шаарынын мэриясы, Бейшенбаев Туркенакундун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: