Сокулукта машина-трактордук станция ачылат – ИА Караван Инфо
Сокулукта машина-трактордук станция ачылат

2024-жылдын декабрь айынын соңунда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштеүү өнөр жайы министрлигинин Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментине караштуу “Кыргызмамасылтукумзавод” мамлекеттик ишканасынын базасында мамлекетик машина-трактордук стациясынын ачылуусу күтүлүүдө.

Азыркы учурда мамлекеттик ишкана тарабынан “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик компаниясынан лизингге келишимдин негизинде кытайдан жасалып чыккан «SINOMACH 1504» үлгүсүндөгү 5 даана тракторун жана «SINOMACH 1054» үлгүсүндөгү 4 даана тракторун сатып алды.

Мындан сырткары, аталган ишкана тарабынан кошумча 34 даана техника алуу үчүн лизинг компаниясына билдирүү берилген.

Белгилей кетсек, азыркы учурда өлкөдө жалпы 169 машина-трактордук станция иштеп жатат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: