Сокулукта мефедрондун ири партиясы менен сатууга аракеттенген жаран кармалды – ИА Караван Инфо
Сокулукта мефедрондун ири партиясы менен сатууга аракеттенген жаран кармалды

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери, Чүй облусунун ИИБнин ыкчам кызматкерлери менен биргеликте, синтетикалык баңгизаттардын өзгөчө ири өлчөмдө таралышына бөгөт коюуга багытталган атайын операция жүргүзүштү.

Ыкчам маалыматтарга ылайык, 20-22 жаштагы азият улутундагы жаран узак убакыт бою Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында баңгизаттарды таратуу менен алектенгендиги аныкталган.

Бул факт боюнча Сокулук райондук ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” боюнча кылмыш иши козголгон. 

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 2025-жылдын 4-январь күнү Сокулук районунун аймагында 2004-жылы туулган Т.Т.Н., аттуу жаран кармалган. 

Жеке тинтүү учурунда шектүүдөн кара түстөгү баштык (борсетка) табылган, анын ичинде кара жана жашыл түстөгү термобаштыкчаларда (термоусадка)  баңгизаттар болгон.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча алынган заттар “Мефедрон” психотроптук заттар экени аныкталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган мефедрон психотроптук баңгизаттрады сатууда киреше 1 миллион сомдон ашмак.

Кармалган Т.Т.Н. Сокулук районунун ИИБнын Убактылуу кармоо жайына киргизилди. 

Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка жарандарды аныктоого багытталган ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: