«Сосновка» жана «Арал» постторуна убактылуу чектөө кирди
Жайыл районундагы “Сосновка” постунда саат 06:20дан, ал эми Токтогул районунун “Арал” постунда саат 06:30дан тартып оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Мындай чечим Бишкек – Ош унаа жолунда жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынды.
Кошумча маалымат берилет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/