"Сосновка" жана "Арал" постторунда жеңил унааларга чектөө алынды
Бишкек – Ош унаа жолунун “Сосновка” жана “Арал” постторунда жеңил унааларга киргизилген чектөө 22-январь, саат 22:20дан тарта алынды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ал эми оор жүк ташуучу унааларга чектөө бар.
“Саат 21:35ке карата “Сосновка” постунда 80 жеңил, 20 оор жүк ташуучу унаалар кезек күтүп турганы маалымдалган. Учурда тыгындардын жаралуусуна жол бербөө аракеттери жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/