Соттук-эксперттик кызмат: 2024-жылы кызматтын эксперттери корутунду берүү менен 5731 изилдөө жүргүзүшкөн – ИА Караван Инфо
Соттук-эксперттик кызмат: 2024-жылы кызматтын эксперттери корутунду берүү менен 5731 изилдөө жүргүзүшкөн

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы (СЭК) 2024-жылдын иш жыйынтыгын чыгарды жана 2025-жылга артыкчылыктуу милдеттерди аныктады.

Кеңешмеде түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин ишмердүүлүктүн ар кандай багыттары боюнча отчеттору берилип, көйгөйлүү маселелер талкууланды, ошондой эле кызматты өнүктүрүү боюнча пландар аныкталды.

2024-жылы кызматтын эксперттери корутунду берүү менен 5731 изилдөө жүргүзүшкөн. Эң көп талап кылынгандар: автотехникалык экспертиза (1587 экспертиза жүргүзүлгөн); материалдардын, заттардын жана буюмдардын криминалистикалык экспертизасы (798); лингвистикалык жана дин таануу экспертизалары (663).

СЭК төрагасы Т. Кожонов белгилегендей, 2024-жылы эксперттик изилдөөлөр жана лабораториялык иштер үчүн жабдуулар республикалык бюджеттин эсебинен гана жалпы суммасы 145 млн. сомго сатылып алынган, бул багыттагы иштер 2025-жылы улантылат.

Кызмат ошондой эле бир катар инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга ийгиликтүү киришти. «Сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасынын алкагында СЭК Баткен, Жалал-Абад, Талас жана Нарын облустарында филиалдарды ачуу боюнча жигердүү иш алып барууда.

«2025 – жылы эксперттерди окутууга, алардын квалификациясын жогорулатууга жана соттук экспертиза жаатында эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө басым жасалат», – деп билдирди Т. Кожонов.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: