Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, үй чарбаларга жүргүзүлгөн интеграцияланган тандалма изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча 2024-жылдын I жарым жылдыгында калктын номиналдык акчалай кирешелери 457,8 млрд. сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 24 пайызга көбөйдү.
Калктын акчалай кирешелеринин негизги булагы эмгек ишмердигинен түшкөн кирешелер болуп саналат, кирешелердин түзүмүндөгү алардын салыштырма салмагы – 72,2 пайызды, социалдык трансферттерден түшкөн кирешелер – 13,9 пайызды жана жеке көмөкчү чарбаларда өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын сатуудан түшкөн кирешелер 9,9 пайызды түздү.
2024-жылдын I жарым жылдыгында керектөө бааларынын индексин эсепке алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү 436 миллиардга жакын сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 18 пайызга көбөйдү.
2024-жылдын I жарым жылдыгында калктын жан башына алгандагы орточо реалдуу акчалай кирешелери айына 11 143,6 сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 15,7 пайызга көбөйдү.
Милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү чыгарып салуу менен кирешелерди мүнөздөгөн калктын жан башына алгандагы колдо болгон акчалай кирешелери 2024-жылдын I жарым жылдыгында айына 11 095,4 сомду түздү. Мында мурдагыдай эле калктын жашаган жерине жараша жан башына эсептелген орточо акчалай кирешелеринде айырмачылыктар сакталды. Калктын жан башына эсептелген колдо болгон орточо акчалай кирешелери Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында орточо республикалык мааниден жогору болуп түзүлдү. Деңгээли орточо республикалык мааниге жетпеген жан башына эсептелген орточо кирешелер Баткен, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарынын жана Ош шаарынын калкында байкалды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/