Бүгүн 10-декабрда Сузак районунда жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана жооптуу катчылары үчүн атайын окутуу иш-чарасы өткөрүлүүдө.
Иш-чараны Кыргыз Республикаснынын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин директору Базарбаев Кудайберген Базарбаевич ачып берди.
“Бул иш-чаранын максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын жакшыртуу, депутаттардын жана жооптуу катчыларын алардын милдеттерине жана жоопкерчиликтерине таянган билимдер менен камсыздоо, ошондой эле жергиликтүү деңгээлде эффективдүү башкаруу жүргүзүү үчүн керектүү инструменттерди берүү болуп саналат”, – дейт.
Иш-чарага Сузак району боюнча бардык жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана жооптуу катчылары катышат. Окутуу программасы мыйзамдардагы өзгөрүүлөрдү, жергиликтүү бюджеттерди башкаруу, депутаттардын этикалык стандарттарын жана жергиликтүү кеңештердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн актуалдуу темаларды камтыйт
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/