Төрага Нурланбек Шакиев Өзбекстанга иш сапары менен жөнөп кетти
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагаларынын кезектеги форумуна катышуу үчүн Өзбекстандын Хива шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган форумда коңшу өлкөлөрдүн парламенттер аралык байланышын чыңдоо маселелери талкууланары күтүлүүдө. Ошондой эле төрага иш-чаранын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.
Эскерте кетсек, төрага баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Чыңгыз Ажибаев, Гүлкан Молдобекова, Шарапаткан Мажитова жана Чынберди Толонов бар.