Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин Координациялык кеңешинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү кабарлайт.
Жыйынга төраганын орун басарлары, фракция лидерлери, тармактык комитеттердин төрагалары жана Аппараттын жетекчилери менен бөлүм башчылары катышты.
Алгач төрага Нурланбек Тургунбек уулу өлкөдө өткөрүлө турган эл аралык иш-чаралардын жана чет мамлекеттердеги иш сапарлардын планы боюнча учкай кеп кылды.
Муну менен катар жыйында эл өкүлдөрүнүн ишине байланышкан айрым маселелер талкууланып, мыйзам чыгаруу органынын аброюн арттыруу жаатындагы сунуш-пикирлер айтылды.
Тагыраагы төрага депутаттык этиканын эрежелерин сактоо маселесине көңүл бурду.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/