Түркияда бүгүн аза күтүү күнү. Өрттөн 76 адам набыт болду
Болу провинциясындагы “Карталкая” лыжа базасындагы мейманканада чыккан өрттөн улам бүгүн Түркияда жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган өкмөттүн жыйынында билдирди.
“Бүгүн Түркия боюнча, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында мамлекеттик туулары түшүрүлөт”, – деди Эрдоган.
Ошондой эле ал өрткө күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жооп беришет деп ишендирди.
CNN Türk телеканалынын маалыматына таянсак, 240 адам жашаган “Карталкая” лыжа базасындагы мейманканада 21-январда таңкы саат үчтө өрт чыккан. Учурда каза болгондордун саны 76 адамга жетип, 50дөн ашуун кишинин абалы оор экени кабарланды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/