Талас областында курал-жарак сатып алууга уруксат кагаздарын мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды – ИА Караван Инфо
Талас областында курал-жарак сатып алууга уруксат кагаздарын мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды

Талас областтык прокуратурасы  тарабынан Талас ОИИБнин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, курал-жарак сатып алууга уруксат берүүдө коррупциялык схема колдонулганы ачыкталды.

Тагыраагы, областтык ички иштер башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери курал-жарактарды биринчи жолу сатып алууга уруксат алган адамдарды окутууга лицензиясы бар айрым ЖЧКлардын жетекчилери менен сүйлөшүп алышып, атайын окуудан өтпөгөн 25 жаранга окуу программасын аяктагандыгы тууралуу күбөлүктөрдү бурмалоо жолу менен жасап беришкендиктери аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 379-беренеси (документтердин жасалмасын жасоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: