Талас облусунда жаңы ФАП ачылды – ИА Караван Инфо
Талас облусунда жаңы ФАП ачылды

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 1-январда Талас облусунда иш сапары менен болуп, анын алкагында Чолпон Мамбетов атындагы Талас облустук бириккен ооруканасында болду.

Ведомстводон кабарлашкандай, министр калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдын сапаты жана орун алган көйгөйлөр менен таанышты.

Облустук оорукананын директору, облустук саламаттык сактоо боюнча координатор Нурдин Усупбеков министрге быйылкы жылы облустук ооруканага жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоочу ангиографиялык аппарат алынып келине турганын билдирди.

Бул аппаратты алуу маселеси оорукананын кардиология бөлүмүнүн дарыгерлери тарабынан былтыр көтөрүлүп, министр маселени чечүүнүн жолдорун карап көрүүнү убада кылган. Министр маселе чечилип, аппаратты сатып алууга 45 миллион сом бөлүнгөнүн жана үч айдын ичинде жеткирүү күтүлүп жатканын белгиледи.

Андан соң Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Марат Мураталиев жана Гүлкан Молдобекова менен биргеликте Талас районунун Бал-Бал айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун ачылышына катышты. ФАПтын курулушу “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланды.

Фельдшердик-акушердик пункт бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган жана сапаттуу биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык талаптарга жооп берет.

Министр өз сөзүндө Фондго ыраазычылык билдирип, аймактарда медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жана сапаты ведомствонун ишиндеги негизги артыкчылыктардын бири экенин баса белгиледи.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: