2025-жылы март айынан октябрь айына чейин Талас электр тармактар ишканасы 35кВ аба чубалгы линияларында масштабдуу ремонт иштерин өткөрөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Жогорку чыңалуудагы тармактар кызматы тарабынан жүргүзүлчү иш-чаралардын алкагында 3300 фарфор изоляторун айнек изоляторлорго алмаштыруу пландалууда.
Ошондой эле, аба чубалгылардагы опорлордун үстүнөн текшерүү жана байланыштырык туташтырмаларды текшерүү, аба чубалгы линияларынын трассаларын тазалоо, анын ичинде бактарды кесүү жана кустарниктерди кыркуу иштери жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, ВЛ-110кВ «Семетей-Победа» линиясынын проводун алмаштыруу, жогорку чыңалуудагы линиялардын үзгүлтүксүз текшерүүлөрү жана термографиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү пландалууда. Бул иш-чаралар аймактагы электр энергиясынын коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/