ООГАНСТАН, 2026-жылдын 11-февралы – Karavan Info маалымат агенттиги. Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр Абдулгани Барадардын төрагалыгы астында Талибан экономикалык комиссиясынын техникалык комитети кезектеги жыйынында Улуттук айыл чарбасын жана мал чарбасын өнүктүрүү саясатын, ошондой эле балык чарбасын өнүктүрүү долбоорун бекитти.

Сунушталган планга ылайык, жеке сектордун инвестициялары аркылуу өлкөнүн ар кайсы аймактарында 6500 гектар аянтта 7700 чакан, орто жана ири балык чарбалары түзүлөт.
Талибандын расмий өкүлдөрү долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн ички балык муктаждыгынын 90% га чейин жаап, болжол менен 300 000 адамды түз жана кыйыр түрдө жумуш менен камсыз кылаарын ырасташууда.
Белгилей кетсек, бул чечим акыркы бекитүү үчүн кыймылдын жогорку лидеринин кеңсесине жөнөтүлдү.
Сүрөт: Салам Ватандар
