Тармактык комитет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын уюмдары өндүргөн товарларды сатып алуу жөнүндө маалымат алды – ИА Караван Инфо
Тармактык комитет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын уюмдары өндүргөн товарларды сатып алуу жөнүндө маалымат алды

Бүгүн, 4-февралдагы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын коомдук бирикмелери тарабынан түзүлгөн уюмдар өндүргөн товарларды сатып алуу жөнүндө маселе каралды.

Жыйында баяндама жасаган Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова белгилегендей, 2024-жылдын 9 айдын ичинде болгон бир булактан сатып алуу усулун колдонуу менен «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун» 53 331 570,08 сомдук, ал эми башка майыптар коомдорунун 236 758 979, 25 сомдук товарлары сатып алынган.

Талкуу маалында депутат Кундузбек Сулайманов бул ишканалар кандай товар өндүрөрүнө кызыкты. Баяндамачы аталган коомдор товарлардын 150гө жакын түрүн өндүрүп, алардын арасында эмерек жана тигүү продукциялары басымдуулук кыларын маалымдады.

Депутат Замирбек Мамасадыков жооптуу мамлекеттик органдарды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар эмгектенген компаниялардын санын көбөйтүү багытында чара көрүүгө, ишкерлердин бул категориясы үчүн мыйзамдарда көрсөтүлгөн жеңилдиктер жана колдоо чаралары тууралуу маалымдоону күчөтүүгө чакырды.

Ал эми депутат Марат Мураталиев да учурда бул уюмдардын өндүрүштүк жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин айтып, аймактарда да ушундай ишканаларды ачуу маселесин ортого салды. Эл өкүлү Дастан Бекешев бул коомдор өндүргөн продукциянын көлөмүн көбөйтүү, алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелерине токтолду.

Жыйынтыгында комитет Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматын эске алып, аталган коомдордун ишканаларына мамлекет тарабынан жетиштүү түрдө колдоо көрсөтүү керектигин белгиледи.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: