Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 30-сентябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету угулуп, жактырылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.
Жыйында баяндама жасаган финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев Кыргыз Республикасындагы микро жана макроэкономикалык кырдаалга токтолду.
Анын айтымында, 2023-жылдын январь-декабры үчүн ИДПнын реалдуу өсүүсү 6,2% деңгээлинде түзүлдү, бул 2023-жылга ИДПнын болжолдуу өсүүсүнөн 1,7 пайыздык пунктка жогору.
«Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2023-жылдын январь-декабрь айларында 391 903,5 млн сомду же белгиленген пландык тапшырманын 101,5% түздү», – деди баяндамачы.
Талкуу маалында депутат Илимбек Кубанычбеков эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуу боюнча маселени тактады. Буга Финансы министринин орун басары 2022-жылы билим берүү тармагында иштегендердин айлыгы 80%, саламаттыкты сактоо – 51%, маданият – 100%, социалдык коргоо – 100% көбөйгөнүн маалымдады.
Ал эми эл өкүлү Жылдыз Садырбаева окуу китептерин чыгаруу үчүн жетиштүү каражат бөлүү зарылдыгын белгиледи. Финансы министри Алмаз Бакетаев бул максатта жалпысынан 8 млрд сом керек экенин маалымдап: «Бул өтө чоң сумма. Андыктан, биз мектептерди этап-этабы менен окуу китептери менен камсыз кылууга аракет кылып, ошону менен бирге электрондук китептерди, планшеттерди колдонуу сыяктуу альтернативдүү ыкмаларды киргизүүнү карап жатабыз», – деди.
Ошондой эле депутат Марат Мураталиев мектеп ашпозчуларынын жана техникалык кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатууну сунуштады. Эл өкүлү Советбек Рустамбек уулу да мектептердин күзөтчүлөрүнүн жана башка техникалык кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү маселесине токтолду.
Депутат Гүлкан Молдобекова Соцфонд тарабынан трансферттерди алуу жана бул каражаттарды сарптоонун натыйжалуулугун тактап, муну менен катар мектептерди компьютерлер менен камсыз кылуу маселесин ортого салды.
Эл өкүлү Эрулан Кокулов мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө, анын ичинде объекттерди куруу жана оңдоо боюнча ар кандай долбоорлорду ишке ашырууда коррупцияны жоюу керектигин белгиледи.
Андан тышкары, жыйында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету каралып, жактырылды.