Бүгүн, 14-январдагы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында «2024-жылдын 10-июнунда Вена шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Долинка» подстанциясын модернизациялоо жана «Речная» подстанциясын реконструкциялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну («Долинка» подстанциясын модернизациялоо жана «Речная» подстанциясын реконструкциялоо долбоору) ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Жыйында баяндама жасаган Энергетика министри Таалайбек Ибраев белгилегендей, 110 кВ «Долинка» жана 35 кВ «Речная» подстанцияларын модернизациялоо боюнча аталган долбоор күч трансформаторлорунун жалпы кубаттуулугун 108 МВАга көбөйтүү менен Ысык-Көл жана Ош облустарындагы абоненттерди электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн кыйла жогорулатат, ошондой эле жаңы абоненттерди улуттук электр тармактарына кошууга мүмкүндүк берет.
Анын айтымында, долбоордун жалпы баасы 14 миллион еврону түзөт, анын ичинен: 9 миллион евро кредит түрүндө; 5 миллион евро инвестициялык грант түрүндө.
Талкуу маалында комитет мүчөлөрү бардык болгон тобокелдиктерди эске алуу менен, макулдашуулардын алкагында бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышына тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдү жүргүзүү, ошондой эле каражаттарды өздөштүрүү процессинде ар кандай коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө зарылдыгын белгилешти.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/