Бүгүн, 20-январдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Үй-бүлө кодексине, «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамга)» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда жактырылды.
Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Самыйкожо, Нурланбек Тургунбек уулу, Аманкан Кенжебаев.
Мыйзам долбоорун комитет төрайымы Винера Раимбачаева тааныштырды. Ал белгилегендей, бул өзгөртүүлөрдүн негизги максаты кыргыз салттарына жана маданий өзгөчөлүктөрүнө ылайык фамилияларды тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат.
Муну менен катар мыйзам долбоорунун демилгечилердин бири, депутат Мирлан Самыйкожо комитетке терминологиялык комиссиянын «тегин» деген сөздү «теги» деген сөзгө алмаштыруу жөнүндө протоколун тапшырды.
Ошондой эле депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Мирлан Самыйкожо мыйзам долбоору фамилия жана атасынын атын жазуунун азыркы вариантын жокко чыгарбай, фамилиясын жана атасынын атын жазууну тандоого кошумча мүмкүнчүлүк гана берерин баса белгиледи.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/