Таш-Көмүр шаарынын тургуну бир айдан бери табыла элек. Издөө иштери уланууда
Таш-Көмүр шаарынын 47 жаштагы М.Д. аттуу тургуну 2024-жылдын 15-декабрынан бери дайынсыз. Издөө иштеринен азырынча майнап чыга элек.
ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 15-январда издөө иштерине уланат. Ал үчүн ИИМден 3 кызматкер, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник А.Закировдун жетекчилигинде 18 куткаруучу, туугандарынан 3, жалпы 24 адам жана 1 дрон тартылды.
Белгилей кетсек, изделип жаткан жаран Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/