Ташиев Кыргызстандын жаштар курамасын Азия Кубогуна чыгышы менен куттуктады
Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев бүгүн, 30-сентябрда футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасынын эртең мененки тамактануусуна катышып, команданы, машыктыруучулук жана административдик штабдын мүчөлөрүн 2025-жылкы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыгышы менен куттуктады.
Ошондой эле курама команданы КФБнын биринчи Вице-президентти Нурдин Букуев, КФБнын башкы катчысы Медербек Сыдыков, Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын куттукташты.
Өз кезегинде команданын Башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов жана жаштар курама командасынын вице-капитаны Атай Эшенкулов КФБнын жетекчилигине командага көрсөткөн колдоосу жана ишеними үчүн ыраазычылык билдиришти.