Ташкент шаарында “Чыңгыз Айтматов: адабий мурастардагы, философиялык жана саясий көз караштардагы доорлордун жана маданияттардын гармониясы” аттуу чыгармачылык кече өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чараны Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги Борбордук Азиянын Эл аралык институту менен биргеликте уюштурган.
Кечеге Ч.Айтматов атынлдагы Эл аралык Ысык-Көл форумунун вице-президенти Д.Жумабаева, Өзбекстандын Маданият министрлигинин, Өзбекстандын Кыргыз улуттук маданий борборунун жетекчилиги, дипломатиялык корпустун, коомчулуктун, Өзбекстандын илимий-изилдөө мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле эки өлкөнүн студенттери катышты.
Элчиликтин өкүлү Айтматовдун түбөлүк көркөм жана философиялык мурасы кыргыз элинин гана эмес, дүйнөнүн башка элдеринин да руханий байлыгы жана сыймыгы экендигин белгиледи.
Ошондой эле Ч.Айтматовдун чыгармалары адамды аруулукка, улуулукка, асыл дүйнө таанымына чакырат, акыл менен сүйүүнүн тереңдигин жана бийиктигин даңазалайт, дүйнөлүк цивилизациянын агымын баалайт, жашоонун маңызын, турмушун талдап, көркөм туундуга, бүтүн доордун үнүнө, келечектин чындыгына айлантат деп айтылды.
Иш-чаранын катышуучулары Ч.Айтматовдун адабий мурасын жана анын саясий идеяларын, алардын коомдук процесстерге, мамлекеттүүлүктү өнүктүрүүгө жана аймактагы элдердин достугун чыңдоого тийгизген таасирин талкуулашты. Жалпы тарыхка, каада-салттардын өз ара ишке ашышына жана өз ара пайдалуу регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегине негизделген эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштардын мааниси өзүнчө белгиленди.
Ошондой эле, улуу жазуучунун жана дипломаттын адабий чыгармачылыгы жана коомдук-саясий көз караштары бүгүнкү күндө да актуалдуу бойдон калып, элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана достукту бекемдөөгө, жаңы Борбор Азиянын биргелешип курулушуна салым кошоору баса белгиленди.
Иш-чаранын алкагында Өзбек улуттук академиялык драма театрынын труппасы Ч.Айтматовдун чыгармасы боюнча “Эне талаасы” спектаклинен үзүндү тартуулап, ошондой эле Ч. Айтматовдун инсандыгына арналган фотокөргөзмөнү тартууланды. Андан соң иш-чаранын катышуучулары Ташкенттеги Ч.Айтматовдун барельефине гүл коюшту.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/