“Тазалык” муниципалдык ишканасы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын патрулдук милиция бөлүмү менен биргеликте борбор калаанын жолдорун кардан тазалоо жана туз себүү иштерин ыкчам жүргүзүүдө.
Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, 8-январь, саат 9:00гө карата 246 тонна өндүрүштүк туз керектелген.
Линияда болгону 71 бирдик атайын техника бар: 33 даана “МАЗ” базасындагы атайын техника, таштандыларды чыгаруучу агрегаты менен 4 HOWO, щеткалары бар 24 Беларусь трактору, щеткалары бар 4 “Бопкат” трактору, 2 алдыңкы жүктөгүч жана 4 универсалдуу унаа.
Белгилей кетсек, карды тазалоого жаңы атайын техникалар тартылып, ишкананын кызматкерлери тротуарларды, жолдун бордюрларын тазалоого тартылууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/