Бишкек шаарынын муниципалитетинин жыйындар залында министрлер кабинети тарабынан түзүлгөн темир жолду шаардан сырткары көчүрүү боюнча жумушчу топтун биринчи жыйыны шаар мэри Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында өттү.
Жыйында, “China Road And Bridge Corporation in Kyrgyzstan” компаниясынын өкүлдөрү темир жолду көчүрүү боюнча бир нече варианттарды сунушташты.
Буга чейин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “China Road And Bridge Corporation in Kyrgyzstan” компаниясы менен Бишкек шаарынын темир жол жана автожол инфратүзүмүн кеңейтүү боюнча кызматташуу меморандумун бекиткен.
Белгилей кетсек, аталган долбоор шаар ичиндеги темир жол жолдорун шаардан сырткары аймакка көчүрүүнү көздөйт.
Жыйындын соңунда тиешелүү кызматтарга мамлекеттик органдардын пикирлерин изилдеп, долбоорду ишке ашыруу үчүн керектүү иш-чаралар планын даярдоо тапшырылды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/