Тибеттеги зилзала: Каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында КР жарандары жок
7-январда болжол менен саат 09:05те Кытайдын Тибет автономдуу районунун тоолуу аймагынданын очогунда күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөөнүн очогу Кытайдын Шигацэ шаарындагы Тингри округунда болгон. Шигадзе шаарынын Тингри, Лхатзе жана Сакья уезддери эң көп кыйроого учураган. Аталган аймактарда дээрлик 1 миңге жакын үй кыйрагандыгы кабарланууда.
Акыркы маалыматтарга таянсак, зилзала 53 адамдын өмүрүн алды, дагы 62 киши жабыркаган.
КР Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, каза болгон жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/