Тигүү жана текстиль тармагы үчүн STI-161 отчетун берүү кызматы жакшыртылды – ИА Караван Инфо
Тигүү жана текстиль тармагы үчүн STI-161 отчетун берүү кызматы жакшыртылды

Мамлекеттик салык кызматы STI-161 формасы боюнча киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетторду берүү үчүн онлайн кызматты өркүндөттү.

Жаңыланган сервисте 2024-жылдын августунан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин төмөндөтүлгөн ставкалары боюнча 12,25% өлчөмүндө баштапкы жана такталган отчетторду тигүү жана текстиль тармагынын кызматкерлеринин саны 49 адамга жетпеген ишканалар үчүн берүү мүмкүнчүлүгү ишке ашырылды.

Эскерте кетсек, КР мыйзамдарына ылайык тигүү жана текстиль өнөр жайында иштеген уюмдар үчүн төмөнкүдөй камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкалары каралган:

– 12,25% – кызматкерлеринин саны 49дан аз болгон юридикалык жактар үчүн;

– 12% – кызматкерлеринин саны 50 жана андан ашык болгон юридикалык жактар үчүн.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: