ТК жана АК каттоо боюнча мамлекеттик агенттик 30 даана окуу машиналарын сатып алды – ИА Караван Инфо
ТК жана АК каттоо боюнча мамлекеттик агенттик 30 даана окуу машиналарын сатып алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик айдоочулук күбөлүктөрдү алууга практикалык сынактарды өткөрүү үчүн окутуу автомобилдердин 30 бирдигин сатып алды.

Жаңы автомобилдер коопсуздуктун жана ыңгайлуулуктун заманбап талаптарына дал келип, күбөлүктү алуу үчүн талапкерлерди аттестациялоонун жүрүшүндө колдонулат. Мунун натыйжасында сынакты тапшырып жаткан адамдар үчүн жагымдуу  абалды түзүү жана реалдуу жол шарттарында алардын көндүмдөрүнө баа берүүнүн калыстыгын жогорулатуу мүмкүн болот.

Белгилей кетүүчү нерсе, жаңы автомобилдерди сатып алуу – бул айдоочуларды даярдоо тутумун жакшыртуу боюнча ишибиздин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Аталган унаалар сынактарды тапшыруу үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө жардам берип, айдоочулук күбөлүктү алуу процессин жарандар үчүн ыңгайлуу кылат.

Жакын арада автомобилдер Агенттиктин ар кайсы аймактык бөлүмдөрүнө практикалык сынактардын чегинде колдонуу үчүн жөнөтүлөт.

——————————————

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: