Үстүбүздөгү жылдын 16-январында Азербайжандын борбору Баку шаарында Азербайжандын Мамлекеттик бажы комитетинин башчысы Шахин Багировдун төрагалыгы астында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) өлкөлөрүнүн бажы администрация башчыларынын 10-отуруму болуп өттү.
Иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркия бажы кызматтарынын жетекчилери, ошондой эле ТМУ Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышты.
Мындан тышкары, отурумга Грузиянын Киреше кызматынын Бажы департаментинин, БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын, Эл аралык автомобиль транспорту бирлигинин (IRU) жана Венгриянын Улуттук салык жана бажы администрациясынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун алкагында кызматташуунун негизги багыттары жана бажы процесстерин өнүктүрүүнүн перспективалары талкууланды:
1. Жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридору. ТМУ өлкөлөрүнүн ортосундагы бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүчү Макулдашууну ишке ашыруу талкууланды.
2. Бажылык тариздөө процесстерин жөнөкөйлөтүү жана транзит үчүн “Транскаспий бажы транзити порталын” колдонуу жана өнүктүрүү.
3. Сооданы жеңилдетүү. Чек арадан өтүү убактысын кыскартуу жана “Бирдиктүү токтотуу” жана “Бирдиктүү терезе” принциптерин киргизүү боюнча чаралар каралды.
4. Заманбап технологиялар жана инновациялар. Бажы процесстеринин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн электрондук пломбаларды киргизүү боюнча демилгелер колдоого алынды.
5. ЫУЭО программалары. ЫУЭО Улуттук программаларды жана ТМУ ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорунун жалпы программасын түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү негизги документтерге кол коюлду:
-Негизги макулдашууларды жана кызматташуу багыттарын бекиткен ТМУнун бажы администрацияларынын башчыларынын 10-жолугушуусунун протоколу.
– Транзиттик операцияларды жөнөкөйлөтүүгө багытталган, МДП конвенциясынын (1975-ж.) алкагында eTIR жол-жоболорун киргизүү боюнча иш-аракеттер планы (“Жол картасы”).
– Жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридорунун алкагында ТМУга мүчө өлкөлөрдүн бажы администрацияларынын ортосунда маалымат алмашуунун техникалык шарттары.
Мындан тышкары, КР ФМ караштуу МБКнын төрагасы Исабеков Самат Сатарович бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. МБКнын башчысы ТМУ Башкы катчысы, Азербайжан МБК төрагасы, БУУ ЕЭК жана IRU өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү, анда кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу, санариптик чечимдерди илгерилетүүнү колдоодо эл аралык уюмдардын ролу, eTIR системасын киргизүү жана эл аралык сооданын негизги элементи катары автомобиль транспортун өнүктүрүүнүн перспективалары талкууланды.
Кыргызстандын МБК төрагасы жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга активдүү катышууга даярдыгын, ошондой эле бажы чөйрөсүндө заманбап стандарттарды киргизүү үчүн эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бул демилгелер экономикалык кызматташтыкты чыңдоого жана Кыргызстанды эл аралык процесстерге интеграциялоого багытталган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/