Токмок: шаарды өнүктүрүү боюнча кандай иштер аткарылууда? – ИА Караван Инфо
Токмок: шаарды өнүктүрүү боюнча кандай иштер аткарылууда?

2024-жылы Токмок шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 1 миллиард сом бөлүндү жана ал каражаттын негизинде 15 долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев билдирди. 

Айтымында, Токмок шаары бир убактарда өнөр-жай шаары болгонуна карабай, кийинки 20-30 жыл ичинде такыр каралбай, жолдор оңдолбой, социалдык объектилер, үйлөр курулбай, шаар тургундарынын көйгөйлөрү чечилбей келген. Акыркы 3 жылда гана мамлекет жетекчилигинин көңүл буруусунан улам, шаарда чоң өзгөрүүлөр орун ала баштады. 

«Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен былтыр шаарды өнүктүрүүгө 1 миллиард сом бөлүндү, анын алкагында 15 долбоор ишке ашырылды. Анын бири – эки чоң парк салынды. Буга чейин бир жылда 1 же 2 чакырым гана ички жолдор оңдолчу экен, былтыр 9 чакырымдан ашуун ички жолдорду оңдоого жетиштик. 32 жылда бир дагы бала бакча, мектеп салынбаптыр. Социалдык имараттардын баары эле жеке менчикке сатылып, кирпичтерин, курулуш материалдарын чыгарып кете беришкен. Мындай көрүнүштөрдү күч органдары, мамлекеттик кызматтар менен биргеликте көзөмөлдөп, жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган имараттарды кайрадан мамлекетке өткөрүп, оңдоп, ишке берип жатабыз. Завод-фабрикаларды жандантып, элге жумушчу орун түзүүнү да колго алуудабыз», – деди мэр. 

Айтымында, Токмок шаарына Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 5 миң батирлүү үй куруу долбоору башталганы турат. 14-15-февралда көп кабаттуу үйдүн капсуласы салынат. Бул долбоор соңуна чыкса, шаардын 5 миң тургуну үйлүү болот. 

 Ошондой эле, мэр белгилегендей, мэрия “Токмок жол курулуш” ишканасын ачты жана ага 29 даана атайын техника сатып алды. Учурда шаарда төрт завод түптөлүүдө: асфальт чыгаруучу, таш майдалоочу, карагай куя турган жана темир-бетон заводдору ушул жылдын март-апрель айларында ишке берилиши керек. Бул заводдун арты менен бир гана Токмок шаарынын эмес, анын жан-жакасында жайгашкан Ысык-Ата, Кемин ж.б. райондордун да жолдорун оңдоо иштери алдыга жылат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: