АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп буга чейин иммиграция жана бажы кызматынын (ТКК) директорунун милдетин аткарган Том Хоман чек ара маселелери жана жаңы администрациядагы мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо үчүн жооптуу болорун жарыялады. Трамп Хоманды “чек ара падышасы” деп атап, анын миграциялык көзөмөлдү күчөтүү боюнча негизги убадаларын ишке ашыруудагы маанилүү ролун баса белгиледи.

Хомандын милдеттерине АКШда документи жок мигранттарды келип чыккан өлкөлөрүнө депортациялоону уюштуруу кирет. Күтүлүп жаткан катаал чараларга карабастан, Хоман америкалык ММКларга берген маегинде миграция маселелерине “гумандуу мамиле” алкагында иштөөгө ниеттенип жатканын билдирди.
Миграция саясаты-Трамптын шайлоо программасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири. ЖМКлардын маалыматына караганда, АКШда 11 миллиондон ашык мыйзамсыз мигрант жашайт, алардын дээрлик 80% өлкөдө он жылдан ашуун убакыттан бери жүрөт.
Сүрөт: AFP/Megan Varner/Getty Images North America