Транспорт каражаттарын катоо боюнча мамагенттиктин бир нече бөлүмдөрүнүн иш графиги өзгөртүлдү – ИА Караван Инфо
Транспорт каражаттарын катоо боюнча мамагенттиктин бир нече бөлүмдөрүнүн иш графиги өзгөртүлдү

Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик төмөнкүнү маалымдайт. Сокулук-Москва жана Таш-Дөбө бөлүмдөрү 5 күндүк иш графигине которулду.

Бул чечим кадрдык потенциалды үнөмдүү пайдалануу максатында Региондор аралык жана Аламүдүн бөлүмдөрүнүн графиктерине киргизилген өзгөртүүлөрдү эсепке алуу менен кабыл алынды.

Жаңы иш режими жарандарга кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга жана ушул бөлүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк түзөт деп күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жарандардан иш графиктерге киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен, тийиштүү бөлүмдөргө план менен келүүнү өтүнөт.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: