Транспорт министрлиги айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат – ИА Караван Инфо
Транспорт министрлиги айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга жана жолдо этият болууга чакырат.

Ведомствонун маалыматына караганда, бүгүн, 18-сентябрда Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда ашуусунда кар жаады.

Жолчулар жолду тазалап, инерттик материалдарды себишти. Азыркы учурда каттам үчүн эч кандай кыйынчылыктар жок.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөдөгү туруксуз аба ырайына жана 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерине байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

error: