Учак кырсыгы. Жабыркаган Кыргызстандын жаранын өлкөгө алып келүүгө учак даяр – ИА Караван Инфо
Учак кырсыгы. Жабыркаган Кыргызстандын жаранын өлкөгө алып келүүгө учак даяр

Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган Кыргызстандын жараны Ринат Асановду өлкөгө алып келүүгө учак даяр. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. 

Анын айтымына караганда, бирок анын учурадгы абалы оор, тагыраак айтканда учакта алып келүү кооптуу.

“Дарыгерлер уруксаат берсе эле жараныбызды учак менен алып келишет. Ошондуктан азырынча жергиликтүү ооруканада медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыланууда. Ал эми калган эки жараныбыздын абалы канааттандырарлык жана дүйшөмбүдө ооруканадан чыгарылышат. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаровдун Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган жарандарыбызга өзгөчө көңүл буруу жөнүндөгү тапшырмасынын аткарылышы боюнча Мамлекет башчысына маалымат берүү учурунда билдидирди”, – деди ал. 

Эске сала кетсек, Азербайжан аба жолдорунун Баку – Грозный багыты боюнча каттамын аткарып жаткан Embraer 190 учагы 25-декабрда Актауга жакын жерде кырсыкка учурап, кулап түшкөн.

Учактын ичинде 67 адам, экипаждын беш мүчөсү жана 62 жүргүнчү болгон. Авиакырсыктын кесепетинен 38 адам каза болуп, 29 адам аман калган. Учакта үч кыргызстандык болгон.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: