УКМК айрым микрокредиттик уюмдардын ишин текшерүүдө
Айрым микрокредиттик уюмдардын иши текшерилет, деп билдирет Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалымат кызматы.
Билдирүүдө айтылгандай, карыз алуучулардан келип түшкөн даттанууларга байланыштуу УКМК ири жеке микрокредиттик уюмдардын ишин төмөнкү жагдайларга байланыштуу текшерүүгө алууда:
“Ошону менен бирге, КР УКМК жеке жана юридикалык жактарды кредиттөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуу кылмыш-жаза жана башка жоопкерчиликке алып келерин эскертет”, – деп айтылат маалыматта.