УКМК: Ошто сымап сатууга аракет кылган топ кармалды – ИА Караван Инфо
УКМК: Ошто сымап сатууга аракет кылган топ кармалды

Ош шаарында сымап сатууга аракет кылган топ кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы. 

маалыматка ылайык, 18-январда Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынан (ӨР жараны Б.Б.А. жана  КР жарандары: М.С.Х., М.С.Х., С.У.К.) түзүлгөн трансулуттук кылмыштуу топ, Ош шаарындагы кафелердин биринде КРга аткезчилик жол менен алынып келинген 0,5 кг күчтүү жана уулуу сымапты 1 граммын  4000 АКШ долларына сатуу аракетинде кармалган.

Кармалган жарандар КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренесинин 2-пунктунун 2-бөлүгүнүн («Сатуу максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү»)  негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: