УКМК УКТны каржылоо фактысы боюнча Кыргызстандын жаранын кармады – ИА Караван Инфо
УКМК УКТны каржылоо фактысы боюнча Кыргызстандын жаранын кармады

Уюшкан кылмыштуу топту каржылоо фактысы боюнча К.Н. аттуу жаран кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Комитеттин билдирүүсүнө караганда, УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторду жоюу боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында К.Н. аттуу КР жараны кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган жаран, 2013-жылдан бери К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун өкүлдөрү менен тыгыз мамиледе болуп, “воровского общаканы” системалуу түрдө толуктап, “Дөө Чыңгыз” каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Ч.Жумагулов менен да жакын мамиледе болгон.

Аталган К.Н. уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин колдоосу менен жарандарга ар кандай басым жасап, тагыраагы шантаж жана коркутуу жолу менен кыздарды зордуктаган. Зордуктоо жана УКТны каржылоо фактылары жабырлануучулардын арыздарынын материалдары менен тастыкталат.

Ыкчам маалыматтарды документтештирүү жана бул кылмыштарга тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартуу максатында тиешелүү тергөө-оперативдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: