Улан Ниязбеков ИИОнун жетекчилерине бир нече тапшырмаларды берип, кынтыксыз аткарууларын талап кылды – ИА Караван Инфо
Улан Ниязбеков ИИОнун жетекчилерине бир нече тапшырмаларды берип, кынтыксыз аткарууларын талап кылды

25-октябрда Ички иштер министрлигинде өтүп жаткан  коллегиялык отурумдүн жүрүшүндө министрдин биринчи орун басары Адылбек  Бийбосуновдун ички иштер органдарынын 2024-жылдын 9 ай ичиндеги  аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу баяндамасынан соң, ИИМ башчысы Улан Ниязбеков  жер-жерлердеги ички иштер органдарынын жетекчилерине бир нече тапшырмаларды берип, кынтыксыз аткарууларын талап кылды. Алар:

“Жогоруда аталган тапшырмаларды жеке өзүм көзөмөлгө алам, ал эми менин орун басарларым, ар кимиңиздер өз багытыңыздар боюнча тиешелүү иш-чараларды уюштуруңуздар. Эгерде, аталган талаптар аткарылбай, кайсы бир аймактан кемчиликтер орун ала турган болсо, анда ошол аймакка жооптуу болгон биринчи жетекчилерге катуу тартиптик чаралар көрүлө турганын алдын ала эскертем. Эл арасында резонанс жараткан окуялар болуп кеткенден кийин чуркап калбай, аларды болтурбай, өз учурунда бөгөт коюу иштерине басым жасаңыздар.

Сиздерге негизги тапшырмаларды белгилеп өттүм, калган тапшырмаларды коллегиянын жүрүшүндө айтып өтөбүз”, – деди Улан Ниязбеков өз сөзүндө.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: