Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, акын жана жазуучу Асек Урманбетов 22-декабрда 101 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 23-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында өтөт.
Асек Урманбетов 1923-жылы туулган. Ал Украинанын жана Беларустун ар кайсы аймактарында согушкан. 1943-жылы декабрда полктун командиринин буйругу менен чалгындоо боюнча маанилүү тапшырманы аткарган. Эки жоокер менен ал немистердин 76 унаасын ар кандай жүктөрү менен кармаган.
Жеңиштин урматына “Ата Мекендик согуш”, “Кызыл Жылдыз” ордендери, көптөгөн аскердик медалдар, юбилейлик медалдар менен сыйланган. 2016-жылдын 30-августунда “Даңк” медалы менен сыйланган. Пенсияга чыкканга чейин айыл чарба өндүрүштүк кооперациясында башкы бухгалтер, ревизор болуп иштеген. Акын жана жазуучу. Ал “Ак жол” коомдук фондунун президенти болуу менен жеңишке арнап китеп жазып, кары-картаңдарга, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, кароосуз калган балдарга демөөрчүлүк кылып келет. 6 баласы жана 68 небере-чөбөрөсү бар.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/