Урматбек Самаев президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды – ИА Караван Инфо
Урматбек Самаев президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды

Урматбек Самаев президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, бүгүн жаңы орун басар облус активине тааныштырылды.

Облус башчысы Тилек Текебаев Урматбек Самаевдин ишине ийгиликтерди каалап, облустун ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошууга чакырды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: