2025-жылдын 6-январында Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын башчысы жана башчынын орун басары инспекторлор менен биргеликте Ысык-Көл, Түп жана Ак-Суу райондорунун аймагында жана Ысык-Көлдүн акваториясында браконьерликке каршы рейддик иш-чара Түп районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө муз астына мыйзамсыз салынган жана ээси аныкталбаган 4 даана кытай синтетикалык торлор табылып, 400 метр узундуктагы торлор алынды.
Башкармалыктын инспекторлору эс алуу күндөрүнө карабастан жана аба ырайынын бузулушуна карабастан рейддик иш-чараны үзгүлтүксүз жүргүзүштү.
Бул иш-чара Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын табигый ресурстарды коргоо жана браконьерликке каршы күрөшүүгө болгон иш-аракеттери.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/