“Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун 45 миң тургуну таза суу менен камсыздоо боюнча иштер активдүү жүрүүдө.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, Кызыл-Суу, Кажы-Сай жана Бөкөнбаев йылдарынын калкы сапаттуу жана коопсуз ичүүчү сууменен камсыз болот.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ысык-Көл облусундарындагы 31 айылды камтыйт. Аны ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Ичүүчү сууну жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылат.
Долбоордун максаттары:
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу айылында курулуш иштери активдүү жүрүп жатат. Негизги иш-чараларга төмөнкүлөр кирет:
2024-жылдын биринчи жарымжылдыгынын аягына карата төмөнкү курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлдү, анын ичинде узундугу 1400 м болгон суу өткөргүчүн орнотуу жана жалпы узундугу 28 941 м болгон суу түтүк тармагын төшөө иштери жүргүзүлдү.
Подряддык уюмдардын иши техникалык көзөмөл боюнча инженерлердин жана атайын кызматкерлердин тарабынан көзөмөлүндө ишке ашырылат.