Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан 392 млн. сомдук жер тилкеси кайтарылды
Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан 392 миллион сомдук жер тилкеси кайтарылды, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, КР Аскер прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун түштүк тарабында, көлдүн жээгинде жайгашкан жалпы аянты 11,7 гектар болгон жана наркы 392 миллион 652 миң сомго бааланган жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Текшерүү учурунда бул жер тилкеси мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/