Курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ), сасык тумоо жана башка жугуштуу оорулардын сезондук күчөшүнө байланыштуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Кайрылууда мындай деп айтылат:
“Урматтуу жарандар!
Курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ), сасык тумоо жана башка жугуштуу оорулардын сезондук өсүшүнө байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги сиздерге өзүңүздүн жана балдарыңыздын ден соолугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат.
Оорунун биринчи белгилери, мисалы, дене таптын көтөрүлүшү, жөтөл, мурундун агышы же алсыздык пайда болгондо, өз алдынча дарыланбаңыз, квалификациялуу медициналык жардам алуу үчүн дароо үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылыңыз. Республика боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборлору штаттык режимде иштеп, дем алыш күндөрү нөөмөт уюштурулду.
Республикада КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу экенин белгилегим келет. Саламаттык сактоо министрлиги абалды такай көзөмөлдөп, саламаттыкты сактоо уюмдарында мониторинг жүргүзүүдө.
Мен сиздерди алдын алуу чараларын көрүүгө чакырам:
Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз! Дарыгерге өз убагында кайрылуу – тез айыгуунун жана оорунун алдын алуунун ачкычы.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/