2024-жылдын ноябрында Өзбекстандын Борбордук банкы 9 тонна алтын сатып алды, бул өлкөнүн алтын корунун июль айынан бери биринчи көбөйүүсү болду.
Дүйнөлүк алтын кеңешинин (WGC) маалыматына караганда, Өзбекстан ноябрда алтын сатып алуу боюнча экинчи орунга чыкты.
Польша өзүнүн запастарына 21 тонна кошуп, лидер аталды. Өзбекстандан кийин Индия (8 тонна), Казакстан жана Кытай (ар бири 5 тонна), Иордания (4 тонна), Түркия (3 тонна), Чехия (2 тонна) жана Гана (1 тонна) турат. Ал эми Сингапур 5 тоннадан кымбат баалуу металлды эң көп сатуучу болуп калды.
2024-жылдын декабрынын башында Өзбекстандын алтын-валюта резерви 41,4 миллиард долларды түзсө, анын 32,7 миллиард доллары алтында. Өлкөнүн алтын запастарынын физикалык көлөмү 12,3 миллион трой унцияга бааланган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/