Өзбекстанда алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюлду
Алкоголдук ичимдиктерди чыгаруучу жашыруун цех табылганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Башкы прокуратуранын Үчкөприк райондук башкармалыгынын кызматкерлери РИИБ менен биргеликте жүргүзгөн атайын ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө жер астындагы цех иштеп жаткан жарандын үйү аныкталган. Тинтүү учурунда сатууга даяр болгон 2790 бөтөлкө сапатсыз спирт алынган. Ошондой эле 1692 жасалма акциздик маркалар, 5781 жасалма санариптик маркалардын QR коддору, 1091 бош бөтөлкөлөр, 60 литр спирт жана спирт өндүрүшүндө колдонулган башка материалдар табылып, алынган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Сүрөт: Pixabay.com/NickyPe