Өзгөндө жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалды
Өзгөндө жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалды, деп билдирет ЖКККББнын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, окуя 6-январда болжол менен саат 19:00дө Өзгөн-Заргер автожолунда болгон.
Белгисиз автоунаанун айдоочусу Жыланды айылында 52 жаштагы жаранды сүзүп, окуя болгон жкрден из жашырып кеткен.
Өзгөн районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен жаран кармалган.
Унаасы үйүнүн короосунда токтоп турган жеринен табылып, айып короосуна токтотулуп, айдоочу тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/