Жаңы шайлоо мыйзамы: Мандат сатып алуу жоюлат, аялдар квотасы сакталат жана добуш берген жаран автоунаа утуп алышы мүмкүн – ИА Караван Инфо
Жаңы шайлоо мыйзамы: Мандат сатып алуу жоюлат, аялдар квотасы сакталат жана добуш берген жаран автоунаа утуп алышы мүмкүн

Кыргызстанда шайлоо мыйзамдары өзгөрөт. Бул боюнча тийиштүү мыйзам долбоору 17-февралда коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев анда эмнелер өзгөртүлгөнүн айтып берди. 

– Буга чейин Кыргызстанда мажоритардык – бир мандаттуу, пропорционалдык – партиялык шайлоо системаларды иштеди. Акыркысында аралаш системаны да киргизип көрдүк. Анан бул системалардын кемчилигин эске алуу менен жаңы мыйзам жазууга умтулдук. Азыркы жаңы ыкма боюнча, Кыргызстан ар бири 140 миң шайлоочуларды камтыган 30 шайлоо округуна бөлүндү, ар бир шайлоо округунан үч депутат шайланат. Эркектер арасында добуш алуу боюнча 1- жана 2- орунга чыккан талапкерлер, ошондой эле айымдар арасында 1-орунга чыккан талапкер Жогорку Кеңешке келет. Ошону менен 30 округдан 90 депутат тандалат, – деди Марлен Маматалиев. 

Учурда шайлоо системасына ылайык, кайсы бир округдан шайланып келген депутат белгилүү бир себептерден улам мандатын тапшырууга аргасыз болуп калса, кайра ошол округда шайлоо өткөрүлөт. Бул өлкө экономикасына ашыкча чыгым алып келет. Маматалиев жаңы мыйзамда мына ушул нерсе да эске алынганын белгилейт. 

– Бир депутат кетсе, кайрадан шайлоо өткөрбөш үчүн биз мындай ыкманы алып чыктык: эркек депутат кетсе, эркектердин арасында андан кийинки добушту алган адам депутат болуп келет, эгер айым кетсе, анда кийинки орундагы айым автоматтык түрдө шайланат. 

Ошондой эле, депутат белгилегендей, жаңы мыйзамда гендердик квотаны сактоо да каралган. Айтымында, буга чейинки шайлоолордо айымдар канча аракет кылса деле эркектер менен тең катар шайлана алган эмес, анын айынан учурда Жогорку Кеңеште аялдар 30 пайызды түзбөй калды. Мындан улам, айымдарга мүмкүнчүлүк берүү зарылчылыгы келип чыгууда. Жаңы мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңешке келчү депутаттардын 30 пайызы сөзсүз кепилдендирилген түрдө аялдар болот. Андан сырткары, депутат бир округдан 3 депутат шайлоо ошол аймактын маселесине тереңирээк үңүлүүгө жардам берээрин айтты. 

– Буга чейин бир округду бир депутат ээлеп алып, шайлоочулар менен тегиз иш алып барууга жетишпей келди. Эми үч депутат эл алдындагы жоопкерчилигин кеңири аткара алышат. Ал эми партиялар дагы деле кааласа съезддин өткөрүп, тизмелерин тактап, өздөрүнүн талапкерлерин округдардан чыгара алышат. Бирок партиялык тизме менен шайлоо өзүнүн бир катар кемчиликтерин көрсөттү. Мисалы, партиялык тизме менен келген депутат көбүнчө шайлоочулар менен тыгыз иш алып барбайт, кааласа жолугат, каалабаса жолукпайт. Жаңы мыйзам ушул сыяктуу партиялык тизмедеги терс көрүнүштөргө, коррупцияга бөгөт коет. Партиялар тараптан орундарды сатуу, жоопкерчилик албоо сыяктуу нерселерге күбө болуп келдик. Алдыңкы орундар үчүн акча талап кылышып, керек болсо бир миллион долларга чейин төлөгөндөр болгон. Андай талапкерлер программасын көрсөтпөйт, элге чыкпайт, акчасын төлөп коюп отура берет, ал үчүн башка талапкерлер иштейт дагы, партия мандат алууга жетишсе, биринчи акча төлөгөн адам Жогорку Кеңешке келет. А акча берип депутат болгон адам өлкөнү ойлойт беле? Ал акчасын чыгарып алууну гана көздөйт да. Ошондуктан, биз сапат жагын коргойлу деген аракетте болуудабыз, – дейт депутат. 

Ошондой эле, шайлоочуларды добуш берүүгө кызыктыруу максатындагы да мыйзам иштелип чыккан. Ал депутаттын айтымында, мындай: 

– Биз дайыма шайлоочуларды шайлоого катышкыла, добуш бергиле дейбиз. Бирок көбү кайдыгер карайт, «биз барбай койсок эч нерсе болбойт», «бизсиз эле баары чечилип калган» деген түшүнүктө болушат. Кайсы бир блогер кандайдыр бир иш чара өткөрүп, Айфон ойното турган болсо, жаштардын баары ошол жерге жабыла барышат. Шайлоого катышпагандарга айыппул салуу боюнча да ойлор болгон, бирок андай кылбай, элди үгүттөйлү, шайлоого майрамга баргандай жакшы маанайда барып калышсын деген ойдо добуш берген адамга талон бердиртмей болдук. Ал талон менен жаран ошол эле күнү кечинде ойнотула турган лотереяга катыша алат. А байгеге тиричилик буюмдары, автоунаа коюлат. Мамлекеттин жараны болгонуңдан кийин шайлоого катышуу жарандык милдетиң. Эгерде жарандык милдетиңди аткаргың келбесе, мамлекет тараптан берилчү жеңилдетилген кредит, ипотека сыяктуу нерселерди күтпө деген да варианттар каралып жатат, бирок азырынча лотерея менен токтоп турабыз.  Шайлоо маданиятын калыптандырууга жок дегенде ушундай нерселер менен аракет кылып көрөлү.

Булак: https://caravan-info.kg

error: