Жайыл психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде болгон окуяга байланыштуу жетекчиликти алмаштыруу чечими кабыл алынган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.
Жаңы жетекчилик эмгек министри Равшан Сабиров тарабынан коюлган милдеттердин алкагында кызмат алуучулардын жашоо шартын жакшыртууга басым жасоо менен өз милдеттерин аткарууга киришти.
Бүгүнкү күндө мекемеде психоневрологиялык диагнозу бар 245 аял толук мамлекеттик камсыздоодо жашап жатат.
Оорунун оор түрү менен жабыркаган аялдар жашаган 1- корпуска өзгөчө көңүл бурулду. Алардын ыңгайлуулугу жана жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн төмөнкүдөй чаралар көрүлдү:
• 1-2-кабаттарына килем салынып, эмеректер, отургучтар, телевизорлор орнотулган.
• Жууркан, матрацтар алмаштырылып, жаңы шейшептер менен камсыз болду.
• Ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн бөлмөлөргө пардалар илинди.
Бул өзгөртүүлөр көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга жана бардык жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган комплекстүү иштин бир бөлүгү болуп саналат
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/